www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-энесин сыйлабаган, карабаган  адамдарды мамлекеттик кызмат эле эмес, көп нерседен чектеп салсак болот. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Чынара Мамажакыпова билдирди. 

—Ата-энесин сыйлабагандар, үй бүлөсүн кантип карайт? Ата-энесин кор туткан адамдарга  үй бүлө куруп, бала-чакалуу болуу деле жарашпайт. "АТА сыйлабаган абийир таппайт, ЭНЕ сыйлабаган элге жакпайт". Абийири жок адамды Жараткан өзү эле таразалап коёт. Ошон үчүн кыргызга жарашпаган жаман жоруктардан алыс бололу,-дейт Чынара Мамажакыпова.

Эске сала кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште депутат Тазабек Икрамов ата-энесин карылар үйүнө таштагандарды мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга ишке албай турган демилге көтөрүп, ммыйзам даярдалып жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости