www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токаевдин «Өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деп турган убагы. Ал жакында Орусия премьери Мишустинди кабыл алып жакшы бажактаган, бүгүн Германияда Шольцтун куйругун жалап жүрөт. Казакстанды совет учурунда улуу жүз Динмухаммед Кунаев отуз жылдай, ортодо Колбин деген 1986-жылдагы Желтоксан көтөрүлүшү учурунда казак жаштарын жок кылып кеткен адамдан кийин улуу жүз Назарбаев отуз жылдай жетектеди. Кунаевди жектеп жүрчү Назарбаев өзү да ошого дуушар болду. Ал президенттикти улуу жүз Токаевге өткөзгөн соң Казакстанды бийлөөнү уланта берип, 2022-жылдын январь айындагы башаламандыктан соң мамлекетти чеңгээлдеп турган ээринен жылмышкан.Назарбаев Кыргызстандын президенти менен куда да болгон. Бирок кыргыз жигити казак кызын чанып кеткен соң, Кыргызстанды Казакстандын бир облусуна теңеп, Өзбекстандын президенти Каримов менен 2005-жылдын мартындагы ыңкылаптан соң  Кыргызстанды бөлүп алуу боюнча ортого Жириновскийди салып, элге «кара пиар» уюштурушкан. Эми Каримов да жок, Жириновский да жок, Назарбаев болсо алдан-күчтөн тайды.

Учурда Германияда алгачкы Борбор Азия-Германия саммити өтүп жатат. Бул иш чарага Борбордук Азиянын өлкө башчылары катышууда. Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы Берлинге барды.

Борбордук Азия өлкөлөрүн Орусияга каршы коюу максатында Америка башында турган Батыш өлкөлөрү биринин артынан бири саммит өткөрүп жатышат. Буга дейре Борбор Азия – Америка деген саммит жакында эле Вашингтондо өткөн. Эми болсо Европа мамлекеттеринин лидери саналган Германияда болуп жатат. Мынтип Борбор Азия өлкөлөрүн Америка менен Батыштын бооруна тартуу аракетинин артында Орусиядан алыстатып, дипломатиялык мамилелерге доо кетирип, от жагуу кызыкчылыгы кашкайып көрүнүп турат десек жарашат. 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-сентябрда Германияга расмий сапар менен барып, Орусияга карата жыландын башын кылтыйтып Астана Батыштын Орусияга каршы санкцияларын "аткарат" деген өңүттө билдирүү жасаганынан баамдаса болот. 

Тактап айтканда, Токаев Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолуккандан кийинки биргелешкен маалымат жыйында: "Казакстан Батыштын Орусияга каршы санкцияларын сактайт. Биз санкциялык режимди сактоо үчүн бардык тиешелүү уюмдар менен байланыштабыз", - деди.

Мына ушунун өзү эле Москванын безине тийген жагымсыз ишараттын коңгуроосу. Токаевдин бул билдирүүсүндө Орусия менен болгон алаканы суута турган чоң саясат жатат. Буга эми Кремль кандай жооп кайтарат айтуу кыйын. Себеби Астана от менен ойной баштады.

Кызыгы, дал ушул Касым-Жомарт Токаев январь окуясында тактан ыргып кетээринде, Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУнун аскерлерин киргизип, абалды турукташтырып сактап калган эле.

Казакстанда 2012-жылы жыл башында кырдаал 2011-жылы Назарбаевдик бийлик тарабынан атылган Жаңы-Өзөн шаарында газдын баасын түшүрүү тууралуу талап менен башталган. Жаңы жылдан баштап бийлик жүргүзүп жаткан реформалардан улам баа эки эсе кымбаттап кеткен. Бааны өкмөт эмес, эркин рынок чечип калган. Газ – Казакстандын батышы үчүн өтө орчундуу тема болгон, себеби ал жакта авто унаалардын 90 пайызы жана үй чарбачылыгынын 70 пайызы газды колдонушат.

3 - январда Жаңы-Өзөндөн башталган бул кырдаал соц тармактар аркылуу бүтүндөй өлкөгө тараган. 2019-жылы Кытайга каршы чыкканда да бүтүндөй мамлекетке тарап кеткен. Оор кырдаалдардын чыгышына негизги себеп акыркы мезгилдерде казак коомчулугу кымбаттоолордон улам алсырап бараткан. Официалдуу инфляция: 2020-жылы 7,5% болсо, 2021-жылы 8,9% жеткен.  Азык- түлүктөр андан бешбетер кымбаттаган.

Ички миграция  борбору Нур-Султанда, эксборбор  Алматыда күчөгөн. Ошондуктан Алматы каршылык көрсөтүүнүн борборуна айланган. Алматыда жаштар, студенттер көп, алар Кыргызстанда алтынчы президенти менен жашап жатышат деп кыйкырып жүрүшөт. Президент Токаев Жаңы-Өзөндүктөрдүн оозун жапкыча Алматыда катуу каршылык көрсөтүү башталып кетти. Шаарда күч органдарына каршы чыгышып, мародерчулук күч алып кетти. 

Андан соң интернетти кайра-кайра өчүрүшүп, бул кезде Алматыда курал дүкөндөрү тонолуп,  супермаркеттер, банкоматтарга мародерчулук жүрүп, машиналар өрттөнүп, аскердик уралдар тартылып алынды. Митингчилер акимат, прокуратура, телеканалдарды жана башка тиешелүү жайдарды басып алышып, талкалап, өрттөп жиберишти. Алматынын аэропорту жа бир нече саат булардын колунда болду.  Машинанын багаждарынан автоматтар таратылып, өлгөн кишилердин да саны артты.

6-январга караган түнү Чымкентте топтошкон адамдардын полиция кызматкерлерине куралдуу кол салуусунан кийин аларга каршы курал колдонуу чечими кабыл алынып, жыйынтыгында 20 киши каза болгон. Мындан тышкары Жамбыл облусунда "500 кишиден турган куралдуу топко" жооп катары ок атылган маалда 11 киши өлгөн. Казакстанда быйыл январдын башында суюлтулган газды арзандатуу талабы менен башталган нааразылык акциялары бардык шаарларда жалпы улуттук демонстрацияларга айланган. Кийин тынч митингдер башаламандыкка айланып, кан төгүлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, ал окуяларда бери дегенде эле 230 киши өлгөн. Мындан тышкары дагы сегиз киши убактылуу кармоочу жайларда көз жумганы кабарланган

Президент Токаевдин билдирүүсүндө радикалдар кошулуп алар сырттан каржыланып жатканын айткан. Ошондуктан ал митингчилерге каршы ок атууну 7-январда буюрган. Казакстандын бийлиги мындай башаламандыкты өз күчү менен баса албасын түшүнүп ЖККУ (ОДКБ) жардам сурап кайрылды. 6-январда ЖККУ макулдугун берди. Көп убакыт өтпөй ЖККУнун аскер күчтөрү Казакстанга кире баштаган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы 7-январда телеканалдар жана интернет сайттар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча маалымат берген. Ал өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын", полициянын, Улуттук гвардиянын жана армиянын күчтөрү менен масштабдуу аракеттер жүрүп жатканын маалымдаган. Жалпысынан кырдаал турукташып калганын, конституциялык мыйзамдуулук калыбына келип жатканын айткан: “Бирок, террорчулар мамлекеттик жана жеке менчик мүлккө дагы деле зыян келтирүүдө, жарандарга карата курал колдонуусун улантууда. Ошондуктан укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим. Чет жакта тургандар тараптарды тынчтык жол менен сүйлөшүп чечүүгө чакырыктар айтылып жатат. Кандай акылсыздык! Кылмышкерлер жана киши өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Биз чет элдик жана жергиликтүү куралдуу жана атайын даярдыктан өткөн башкесерлер менен кармашып жатабыз. Бандиттер жана террорчулар. Ошондуктан аларды жок кылыш керек. Бул жакын арада толук аткарылат”,-деген ал.

Токаев ошондой эле ЖККУнун алкагында жардам көрсөтүп жатканы үчүн Армениянын премьер-министрине, Орусиянын, Кыргызстандын, Беларустун жана Тажикстандын президенттерине ыраазычылык билдирген: “Жашырынып жаткан жоочулардын топтору даярдыктарын мамлекет кантип “уктап” билбей калганынын сөзсүз аңдашыбыз керек. Алматынын өзүндө эле 20 миң бандит кол салды. Алардын дээрлик бардык облустардагы аскердик, административдик жана социалдык объектилерге карата акциялары так даярдыкта жүргөнүн, башкарылып турганын, жогорку чабуулдук даярдыкта жана зомбулук менен жүргөнүн көрсөтүүдө. Жоочулардан сырткары идеологиялык диверсия, дезинформация же “фейктер” менен алектенген же элдин маанайын манупуляциялаган адистер иштеди. Сыягы, даярдык жана жетектөө менен бирдиктүү командалык пунктта жүргүзүлгөн”,-деп айтылган президенттин сөзүндө.

Мунун алдында Казакстандын Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда 26 “куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын маалымдаган. Ага чейин, 7-январдын таңында президент “контртеррордук штабдын" жыйынын өткөргөн. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. натыйжада Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери киришкен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости