www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-февраль күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүндө, өзүнө тааныш болгон жаран 2025-жылдын ноябрь айларында ишенимине кирип, 2 тилке жер (чек) сатам деп убада берип, акча каражатын жана автоунааларын алып, бүгүнкү күнгө чейин жер тилкелерин бербей, качып жүргөндүгү көрсөтүлгөн.
Арыз ээсинин маалыматына ылайык, алгач Ош шаарындагы кафелердин биринин алдында 350 000 сом, андан кийин 100 000 сом акча каражатын берген. Мындан сырткары, ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаасын 100 000 сомго, ошондой эле “Элентро” үлгүсүндөгү автоунаасын 700 000 сомго баалап берген. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 1 250 000 сомду түзгөн.
Аталган арыз Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, тергөө амалдары башталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү жаран такталып, ал Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1986-жылы туулган И.И. экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө анын кылмыштуу аракеттери аныкталып, Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
Ош шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Белгилей кетсек, шектүү И.И. буга чейин дагы ар кандай кылмыш иштери боюнча бир нече жолу соттолгон.
Тергөө иштери улантылууда.