www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Жолдошбек Чуштуков кадр жетишсиздигинен Пакистандын жарандарын ишке алып жатышканын билдирди. 
Ошондой эле, кыргыз жарандары таштанды менен иштегенди каалабагандыктан, 80-90 миң сомдук айлыкка келбей жаткандыгын дагы белгиледи. Анын айтымында, техника бар, бирок айдоочу жок, ал табылса, жүк ташуучу жетишпейт, мекемеде кадр тартыштыгы курч. 

Маалыматка таянсак, ишкана 50дөн 100гө чейин сандагы жүктөп иштеген жумушчуга муктаж. Кадрдын тартышыгын азайтуу үчүн 10 жүктөөчү орунга пакистандыктар алынып, иштеп жатышат. 

- Мүмкүн болгон жерлерге — социалдык тармактарга, телевидениеге, "Аламүдүн", "Орто-Сай", "Ош" базарларына, радиотүйүндөргө жарнама бердик. Орточо айлык 40-45 миң сом. Күнү-түнү көп тонна жүк чогулткандар 80-90 миң сомдой алышат. Ошого карабай бул жумушта иштегиси келгендер аз. Эл жөнөкөй эле айтканда, таштанды менен иштегиси келбей жатат, - деди Чуштуков.

Чуштуков акыйкатты айтып жатабы, же жалгандыбы айтор, “80-90 миң айлыкка жумушчулар келбей жатат” дегени анчейин чындыкка коошпой турат. 

Дегенибиз, азыр Чуштуков айткан айлыкты чанган жумушчуну табуу кыйын. Кымбатчылык күч, жумуш жок болуп эл кыйналып жатканда, эң жогорку маяналуу ишке кыргыз жарандары табылбай, пакистандык жумушчуларга күнүбүз түшүп жатат дегени акылга сыйбайт.

Негизи бул “Тазалык” ишканасы дайыма коррупциялуу схемага баткан чуулу жер. УКМК жакшылап иликтеп, аталган жагдайга укуктук баа бериши зарыл. Ошондо Чуштуковдун айткандарынын ак-карасы даана ачыкталат.

Последние новости