www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарых музейин реконструкциялоого куратор болгонун убагында Сапар Исаков аябай сыймыктануу менен телеканалдардын бирине айтып берген эле. Анан ал жактан жыгачтан жасалган ат 14 000 евро, бир устун (инсталляция) 600 долларга бааланган сыяктуу коррупциялык элементтер калкып чыкты. Ошол сыяктуу эле Сапар мырза кураторлук кылып курулган Чолпон-Атадагы ипподромдон да ири суммадагы акча каражаттары максатсыз коротулганы белгилүү болду.

Тактап айтсак, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан келген материалдардын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-берене (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, контракт түзүү) жана 171-берене (ишенип тапшырылган мүлктү өзүмдүк кылып алуу же жок кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Бул иш Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду жана дене тарбиялык-саламаттыкты чыңдоо комплексин курууда баалардын көбөйтүлүп көрсөтүлүшү фактысы боюнча козголгон.

Көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн курулушка финансы министрлиги тарабынан 1 млрд 584 млн сом бөлүнгөн. Бирок, курулушта акча каражаттарын максатсыз пайдалануу жана жумуштун баасын көтөрүп көрсөтүү фактылары табылган.

КР Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы боюнча мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 202 млн 814 миң сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө бул ишти иликтөө тапшырмасы УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.  

Демек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков эми бул иш боюнча да мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш болот.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости