www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Эсеп палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде жана ага караштуу ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө 2025-жылкы бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын чыгарды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы 722 млн 908,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.

Анын ичинен калыбына келтирүүгө тийиш болгон 614,8 млн сомдун 560 млн 22,3 миң сому жана 3,8 миң АКШ доллары бюджетке кайтарылган.

Эң ири мыйзам бузуулар бюджетке түшүүгө тийиш болгон кирешелерди өз убагында которбоого байланыштуу болгон.

Тактап айтканда, акы төлөнүүчү кызматтардан жана мүлктү пайдаланууга берүүдөн түшкөн 535,2 млн сом, милдеттүү төлөмдөр боюнча 29,3 млн сом жана айып пулдардан түшкөн 312,7 миң сом каражаттар тууралуу сөз болууда. Аудит учурунда бул кирешелердин 532,9 млн сому калыбына келтирилген.

Мындан тышкары, текшерүүдө төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталды:
кызматкерлердин эмгек акысына жана башка төлөмдөрүнө 47,8 млн сом ашыкча чыгымдар;
товардык-материалдык баалуулуктар боюнча 7,7 млн сом негизсиз чыгымдар;
бухгалтердик эсеп жана дебитордук карыздарды эсепке алуу боюнча 42 млн сомдук мыйзам бузуулар;
курулуш-монтаж иштеринин көлөмүн жогорулатуу боюнча 5 млн сомдон ашык каражат (толук кайтарылган);
мамлекеттик инвестициялык долбоорлордо, анын ичинде ЕАЭБ алкагындагы келишимдерди аткарууда 13,8 млн сомдук мыйзам бузуулар.

Эсеп палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгы министрликте жана анын аймактык түзүмдөрүндө ички финансылык көзөмөлдүн начар экенин жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө кемчиликтер бар экенин көрсөткөн.

Последние новости