www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары А.М.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары А.М.Б.ны жана анын жакын тууганы Б.А.Б.ны кармады
Тактап айтканда, УКМК аталган А.М.Б. мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен байланышын пайдаланып, уюшкан топтун курамында Ысык-Көл районунун курорттук-рекреациялык зонасындагы жер участокторун жеке менчикке берүү жөнүндө токтомдорду жана башка документтерди жасалмалап жүргөндүгүн аныктаган. Андан соң аларды өздөрүнө тиешелүү адамдардын атына каттатып, үчүнчү жактарга саткан.
Учурда алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактылары боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Ушуга байланыштуу, КР УКМК кармалган адамдардын бардыгынан жабыр тарткандарды же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондорду Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын нөөмөт кызматына 0 (03922) 5-11-80 байланыш телефону аркылуу кайрылууну суранат.