www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Демилгечи, депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарына негизги ишине толуктоо иретинде жол берилген иштин түрлөрүн так аныктоо жана «илимий», «педагогикалык», «чыгармачылык ишмердүүлүк» деген терминдерди чечмелөөдөгү бүдөмүктөн улам депутаттарды мандатынан мыйзамсыз ажыратуу тобокелдиктерин жоюуга багытталган.
Комитет мындан тышкары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө», ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда колдоду.