www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чоң Чүй каналынан аял кишинин денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 8-апрелде 102 кызматынан Кемин районуна караштуу Ак-Бекет айылында Чоң Чүй каналына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
ӨКМден жерине 6 куткаруучу тартылып, издөө-иштеринин натыйжасында Бообек жана Чым-Коргон айылдарынын кесилишинде каналдан 1987-жылы туулган С.Б. аттуу аялдын жансыз денеси табылган.
Куткаруучулар суудан аялдын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Булак: NazarNews.kg