www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Украинадагы аскердик атайын операцияга жооп иретинде киргизилген азыркы санкцияларга бир жыл мурун даярдана баштаган. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков британиялык Sky News телеканалында билдирди.
«Биз ондогон жылдардан бери санкциялардын астында жашап жатабыз жана чындыгында бул абалга көнүп калдык. Биз бул санкцияларга бир жыл мурун даярдана баштаганбыз жана азыр, албетте, экономикада абдан оор абал бар, бирок биздин экономика дагы эле бутуна туруп кетет.
Балким, биз ден-соолугубузга зыяны тийбегендир, бирок экономика жана макростабилдүүлүк көз карашы боюнча биз коопсузбуз. Биз өндүрүш секторубузду, улуттук технологияларды өнүктүрүүгө түрткү берип, бул кырдаалдан пайда көргөнгө аракет кылып жатабыз», - деди Песков.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg