www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Кемин районунда тоноого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда Кемин РИИБге 2001-жылы туулган К.Ж. атту жаран кайрылып, 2025-жылдын 15-ноябрь түнү болжол менен саат 00:00дөн 01:00гө чейин Короол-Дөбө жана Калмак-Ашуу айылдарынын ортосундагы Чоң-Кемин өрөөнүндө достору менен «Honda Accord» үлгүсүндөгү унаада бара жаткан учурда, артынан «Toyota Camry» үлгүсүндөгү унаа кууп келип, алардын унаасын жол жээгине кыса баштаганын билдирген.

"Унаалар токтогондон кийин белгисиз адамдар башка унаадан чыгып, арыз ээси К.Ж.га дене жаракатын келтирип, унаанын бардачогунда турган анын капчыгындагы 30 000 сом акчасын алып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Бул факты катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 206-беренеси (Тонтоо) боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган М.Н. жана 2006-жылы туулган А.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Последние новости