www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 2-февралында Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу, ошондой эле опузалап талап кылуу фактыларынын алдын алуу максатында анонимдүү сурамжылоо иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чара өспүрүмдөр жана жаштар арасында коопсуздукту камсыз кылууга жана коомдук тартипти бекемдөөгө багытталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган сурамжылоо Чүй районунун аймагындагы коомдук жайларда, мейманканаларда, соода-сатык борборлорунда, ошондой эле бир катар жалпы билим берүүчү мектептерде уюштурулду.

Сурамжылоонун жүрүшүндө жарандарга коомдук коопсуздукка байланыштуу суроолор берилип, алардын пикирлери жана сунуштары угулду.

Иш-чаранын негизги максаты - укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, өспүрүмдөр арасында опузалап талап кылуу көрүнүштөрүнө жол бербөө, ошондой эле жарандар менен укук коргоо органдарынын ортосундагы ишенимди чыңдоо болуп саналат.

Учурда бул багыттагы алдын алуу иш-чаралары Чүй облусунун аймагында пландуу түрдө улантылып, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган иштер күчөтүлүүдө.

 

Последние новости