www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй облустук бириккен ооруканасын Бишкек шаардык №2 клиникалык тез жардам ооруканасы деп өзгөртүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 6-мартта аталган министрлик кабарлады.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 5-мартта оорукананын эмгек жамааты менен жолугуп, оорукананы кайра уюштуруу маселесин талкуулады. Ал президент чыгарган жарлыктын негизинде Чүй облусунун бир топ аймагы Бишкек шаарына кошулуп жатканын айтып, чечим ошондон улам кабыл алынганын билдирди.

Оорукана жетекчилиги министрге учурда ооруканада лор, көз, кардиологиялык, хирургиялык, урологиялык, травматологиялык, реанимация, амбулатордук диагностика, терапевттик, неврологиялык бөлүмдөрү бар экенин билдирди. Ошондой эле гинекологиялык жана балдар бөлүмдөрү бар. Оорукана 350 орунга ылайыкталган, анын ичине 70 орундук төрөт бөлүмү да кирет.

Министр менен жолугушууда оорукананы алдыдагы кайра профилдештирүүнүн алкагында дарыгерлердин, орто жана кенже медкызматкерлердин санын көбөйтүү керектиги кеп болду.

№2 шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы Бишкек шаарынын чыгыш тарабын тейлеп турганы маалымдалды.

2022-жылдын 4-февралында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборун Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы деп өзгөрткөн. Ал мунун себебин борбордун ордунда 2004-жылга чейин Тез жардам ооруканасы болгону менен түшүндүргөн жана калаада тез жардам медициналык кызмат көрсөтүү жетишпей жатканын айткан.

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөндөн кийин директорлук кызмат жоюлуп, борбордун директору Сабырбек Жумабеков кызматтан бошотулган. Жумабеков алгач каршылык билдирип, талашка президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүн суранган. Кийин ал баары бир кызматтан кеткен. Оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Аталган Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы иш жүзүндө №1 макам алгандыктан Чүй облустук бириккен ооруканасынын базасында уюшулган мекеме Бишкек шаардык №2 клиникалык тез жардам ооруканасы деп аталып калды.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-декабрында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Жарлыктын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейет.Мында Чүй облусунун 8 айыл аймагы жана 4 айыл аймагынын айрым айылдары борборго кошулууда.

Последние новости