www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында “Чүй агроөнөр жай аймагынын” негизделишине байланыштуу капсула салуу аземи болуп өттү.
Бул долбоор ААК “Кыргыз Агрохолдинг” тарабынан ишке ашырылууда.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган ири инвестициялык долбоордун башталышы катары белгиленди. Аземге мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, инвесторлордун делегациялары, чет элдик өнөктөштөр жана жергиликтүү тургундар катышты.
Убакыт капсуласын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев салды.
- Бул ири долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси жана тапшырмасы менен ишке ашууда. Бул — Министрлер Кабинетинин негизги багыты жана жалпы мамлекеттик саясатка – айыл чарбасын колдоого алуу, агроөнөр жай комплексин модернизациялоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатына шайкеш келет”, - деп белгиледи министр.
Иш-чарада долбоорду андан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү бере турган эки маанилүү келишимге кол коюлду:
* ААК “Кыргыз Агрохолдинг” менен Түштүк Кореянын “DOD Company” компаниясы ортосунда 12 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициялык келишим. Бул келишим эт багытындагы мал чарбасын өнүктүрүү, логистика жана заманбап агрардык технологияларды киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну карайт.
* ААК “Кыргыз Агрохолдинг” менен “Асыл Тери” ЖЧК ортосунда жалпы суммасы 12 миллион АКШ долларын түзгөн негизги (рамкалык) келишим. Бул келишим айыл чарба жаныбарларынын терисин кайра иштетүү, атап айтканда, суткасына 24 тонна терини кайра иштете турган тери заводун куруу, экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана жаңы жумуш орундарын түзүү багыттарын камтыйт.
“Чүй агроөнөр жай аймагы” Кыргызстандын агрардык секторуна инвестиция тартуу, айыл чарба продукциясынын кошумча наркын көбөйтүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо стратегиясын ишке ашырууда негизги элемент болуп калат.