www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү башталып, талапкерлер кайрадан элге чыгып, жолугушууларды өткөрө баштады. Бирок калдайган калк азыркы талапкерлерди маңдайы жарылып, кубанычка толуп, кол чаап күтүп алгандары аз эле санда болушу мүмкүн!
Эмнеге?
Буга чейин Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү, кыйратып мыйзам чыгарбай, кылтыңдап мамлекеттин эсеби менен жашап, “кнопка” басканы эле болбосо, Алмазбек Атамбаев айткандай депутаттардын VI чакырылышы чимкириктер деген ылакапты баштарына кондуруп кетсе, VII чакырылышы ажаатканадан ажары ачылып кайтты.
Эми ток этээрине келсек, кыргыздан өткөн кыраакы калк жок эмеспи, жаңы жүздөр келсин, дегени менен азыркылардын арасында кара кылды как жарган, ачуу чындыкты бетке айтып жарылып чыккан талапкердин саны “1, 2, 3кө” жетпейт. Социалдык тармактагы үгүтү күчтүүлөр элге дайын, Чокчолой баатырдан кем эмес. Эркектери жасалма интеллекте салып, өзүн баатыр кылып чаптырып, бүркүт кылып учтуруп жатса, аял заттары созолонгон кыз болуп, көлчүктөгү ак куудай түз болуп, болгон сүрөттөрүн чыгара баштады.
Шайлоонун шарапаты менен депутаттыкка талапкерлердин саны 400 дөн ашып, алды сандарга төлгө салып, төбөсү көрүнгөндөр төлгөчүгө аттанышты. Айтор талапкерлердин арасында бизнесмендер, ырчы-чоорчулар менен келе жаткан парламент мунусунда дагы эки айылды зериктирбеген чакырылыш болот сыягы.
Баса, талапкерлерди кыялын токтото туралы дагы, маселеге өтөлү.
Социалдык тармакта, “эл чарчады”, “шайлоонун бизге пайдасы жок”, “мага депутат кереги эмес”, дегендер пайда болсо, “талапкерлер элди чогултуп убара кылбай, маселени дебат аркылуу эле чечсе болбойбу?” - деген сунуштарын жазып чыгышты.
Социалдык тармактын активдүү колдонуучусу Кылыч Шанаев талапкерлерди дебатка чакырууну сунуштап, дебат — элдин акыл таразасы. Талапкерлер элди ар жерге чогултуп убара кылбай, маселени дебат аркылуу эле чечсе болбойбу? – деп кошумчалады.
— Азыр дүйнөдө шайлоо маданияты такыр өзгөрдү. Көпчүлүк өлкөлөрдө талапкерлер эл алдында ачык дебатка чыгат. Эл, биз талапкердин жүзүн эмес, ой жүгүртүүсүн, билим деңгээлин, позициясын байкап, баалашыбыз керек, дейт.
Туура, дебат — бул эл үчүн эң натыйжалуу аянт. Анткени ар бир талапкер өз программасын негиздеп, суроого түз жооп берүүгө аргасыз болгон аянтча. Ал эми жыйындарда же сахнадагы жолугушууларда мындай мүмкүнчүлүк менен убакыт дээрлик жок. Кыргызстандын шайлоолорунда элдин убактысы көбүнчө текке кетет. Эл — добуш берүүчү гана эмес, мамлекеттин ээси. Аларды ар жерге чакырып, убара кылуу — ошол элге болгон сый-урматка туура келбейт... Мындай тенденцияны жок кылууга Кыргызстан даярбы же даяр эмеспи, элдин тандоосун чыныгы дебат аныктайбы же кезектеги популизм кайра жеңеби аны убакыт көрсөтөт.
Кантсе дагы жыйынтыктаган ойго басым жасай турган болсок, Жогорку Кеңештен “чимкириктер” менен “чипилдириктер” кетти, эми дүйнөнү багынтабыз деген ооздон чыкканды ойлобой аткарган “чимирилгендер” келбесе экен деген ой. ...
Эске сала кетсек, бүгүн, 10-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий башталды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктап, жалпысынан 467 талапкер катталды.
Алардын 276сы эркек болсо, 191и айым талапкерлер. Депутаттыкка аттангандар № 19 округдан эң көп болуп, саны 25ти түздү. Ал эми шайлоого эң аз № 11 округдан катышмакчы. Ал округдан 5 талапкер ат салышат.
Белгилей кетсек, 30-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округдан үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.
Гүлжан Шерипбаева, NazarNews