www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-июнда Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Садыр Жапаровдун тарапташтары соттун чечимин уккандан кийин ыйлап жиберишти.

Садыр Жапаровдун бир тууган иниси Дөөлөт Жапаров, Сооронбай Жээнбековдон соттордон адилеттүүлүк чечим чыгарып берүүсүн талап кылды.

--Мен Сооронбай Жээнбековдон, жалпы кыргыз журтунан суранам. Менин бир тууганым эмес, кыргыз элинин келечегин сактап калалы”, деп көзүнө жаш алды.

Эске сала кетсек, белгилүү саясатчы Садыр Жапаров, 2017-жылы 25 мартта кыргыз-казак чек арасынан камакка алынган. 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыпталып, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.

Саясатчы Эмил Каптагаев, Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экендигин коомчулукка айтып, мыйзам жүзүндө сотко кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости