www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр 59 болчу, быйыл 51...

2018 - жылы 59 бүтүрүүчү президенттин колунан алтын сертификат алган. Быйыл андан аз. Тактап айтканда, эки күн мурун 51 бүтүрүүчү ажонун колунан алтын сертификат алышты. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 221ден 238 баллга чейин алган окуучуларга берилди.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча президенттин колунан Бишкек шаарынын 22, Баткендин сегиз, Жалал-Абаддын алты, Таластын беш жана Ош облусунун төрт окуучусу алтын сертификат алды. Ал эми Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустары экиден гана сертификатка ээ болду. Ал бүтүрүүчүлөр өлкөдөгү көпчүлүк жогорку окуу жайларда акысыз окуй алышат. Жалпы республикалык тестирлөөгө 43 440 мектеп окуучусу катышып, бүтүрүүчүлөрдүн 62,2 пайызы 110 баллдык көрсөткүчтөн өттү.

Булак: Багыт.kg

Последние новости