www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы төрөлгөн балага балага сүйүнчү берүү 7 күнгө кыскартылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева кабарлады. Анын айтымында, учурда ымыркайга сүйүнчү пул алуу үчүн арыз келип түшөрү менен акча которулуп жатат. 2018-жылдын башынан бери 75 миң балага 4 миң сомдон бир жолу төлөнүүчү сүйүнчү пул берилген.
Кыргызстанда быйылкы жылдан тартып балалуу болгондорго тегиз 4 миң сомдон сүйүнчү акча төлөнүп берүү тууралуу мыйзам иштей баштады. Ал эми бала багып алгандар сүйүнчү пул алууну көздөгөн учурда асыроо тууралуу чечимди кошо тапшырууга тийиш.
Басма сөз катчы ошондой эле кайрылман макамы бар этникалык кыргыздар жана убактылуу каттоодо турган жарандарга да балага сүйүнчү берилип жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg