www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттин беделине көлөкө түшүүсүнө жол бербей, адилеттүү чечим чыгарышыбыз керек. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
"Урматтуу, кыргызстандыктар.
Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөрүлүп, ал ачык-айкын жана мыйзамдын негизинде уюштурулду.
Мамлекет кайсы бир талапкерди сүрөп же кайсы бир талапкерге бут тосуп административдик ресурсту колдонгон жок.
Тескерисинче, мамлекеттик кызматкерлерди үгүт иштерине аралашпоону талап кылды. Кыргызстанда алгачкы ирет жаңы система — аралыктан (алыстан) добуш берүү колдонулду. Мындай шартты түзүү менен ар бир шайлоочунун катышуусуна кам көрүлдү.
Добуш берүү саат 20:00дө аяктап, 20:01дө болжолдуу жыйынтыктар жарыяланып баштады.
Анын баарын түз эфирде, ачык-айкын сиздер менен биргеликте көзөмөлдөп турдук.
Ал эми добушун саткан жарандар, добуш сатып алган талапкерлер боюнча маалыматтар, видео фактылар келип жатат.
Андай далилдер социалдык тармактарда дагы жарыяланып жатканын көрүп жатабыз. Ал видео фактылардын көпчүлүгү бизде жана ИИМде да бар. Биздин колубузга келе электерин социалдык тармактардан алып, териштирип баштадык.
Бул боюнча комиссия карап чыгат, чечим кабыл алабыз. Ага чейин эле, айрыкча социалдык тармактарда “БШК эмне уктап жатасыңар, чара көрбөйсүңөрбү?!” — деген сын-пикирлер айтылууда.
Мыйзамды бузган ар бир шайлоо тилкеси, ошондой эле сөз болуп жаткан 13-округ боюнча дагы материалдарды карап чыгабыз, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алабыз.
Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүүсүнө жол бербеш үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек. Ага чейин дүрбөлөңгө түшпөй, бизди ашыкча сындабай, шашылыш чечим чыгарбай турууга чакырам", - деди Шайназаров.