www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүн 12ден 8ге азайтуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Ага ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана анын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.
Тармактык комитеттин 10-марттагы отурумунда документтин демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев долбоор чыгымды азайтуу жана Боршайкомдун ишин ыкчам алып баруу үчүн иштелип чыкканын айтты. Ал азыр айрым учурларда БШКнын 12 мүчөсү чогулбай, кворум болбой калган учурлар бар экенин билдирди.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров документти колдой турганын, эгерде Боршайкомдун мүчөлөрүнүн саны кыскартылса 2 миллион сомдун тегерегинде үнөмдөлөрүн айтты.
БШКнын азыркы курамы 2021-жылы июнда бекитилген.