www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 15-ноябрда бүтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов 26-октябрда президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогон учурда парламент бир жума аралыгында жаңы президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилеши керек. Жогорку Кеңеш мөөнөттү бекитпеген шартта президенттик шайлоо автоматтык түрдө белгиленди деп эсептелет.
«Парламент президенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындаган жок. Мыйзам боюнча шайлоонун мөөнөтү аяктагандын эртеси күнү мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоонун убактысы дайындалды деп эсептелет. Ошого байланыштуу БШК эки күн ичинде шайлоо мөөнөтүн белгилеши керек. Ошого ылайык, 24-октябрда БШК 2021-жылдын 10-январына президенттик шайлоону дайындады. Азыр уюштуруу иштерин жүргүзө баштады. Президенттикке эки субъект талапкерлерди көрсөтө алат. Биринчиси, жарандар өзүн-өзү көрсөтө алат. Экинчиси, талапкерлерди саясий партиялар көрсөтөт. Талапкерлер 15-ноябрга чейин көрсөтүлөт. 19-ноябрга чейин шайлоочулардын алдын ала тизмеси добушканаларга берилет. Тиешелүү документтерди талапкерлер 7-декабрга чейин БШКга бериши керек. Талапкерлер кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын чогултуп, 3-декабрга чейин тапшырышы керек», - деди Бекматов.
Ал азырынча эч кимден президенттик шайлоого катышуу боюнча арыз келе электигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, БШК парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун бул чечимин жокко чыгарганы 24-октябрда белгилүү болгон. БШКга каршы сотко "Актив" партиясы жана "Адам укуктары жана демократия үчүн" коалиция кайрылган.
Булак: NazarNews.kg