www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизинде жасала турган скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна ачык сынак жарыялады.
Сынактын максаты — жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо.
Сынакка Кыргызстандын кесипкөй скульпторлору, архитекторлору жана чыгармачыл жамааттары катыша алат. Жеңүүчү долбоор Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотуу үчүн сунушталат.
Сынак 2026-жылдын 29-сентябрынан 29-октябрына чейин өтөт.
Катышуучулар арыз, эскиздик долбоор, түшүндүрмө кат жана автор тууралуу маалымат тапшырышы керек.
Документтер Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси, 112 дарегинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин имаратында кабыл алынат.
Сынактын байге фонду:
I орун — 200 миң сом;
II орун — 150 миң сом;
III орун — 100 миң сом.
Долбоорлор идеялык-мазмундук деңгээли, көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу, Минск шаарындагы сейил бактын мейкиндигине шайкештиги жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча бааланат.
Маалымат үчүн байланыш телефону: 0707 71 05 71.
Белгилей кетсек, Минск шаарындагы сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы 2018-жылы, жазуучунун 90 жылдыгына карата Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин демилгеси менен берилген. Ошол эле жылы 26-ноябрда паркта беларусь скульптору Алесь Шатило жасаган Айтматовго арналган эстелик белги ачылган.