www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК: Эки талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

№22 жана №24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Лира Акунова жана Гүлназ Халилова шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, талапкер Л.Акунова 26-ноябрда, ал эми Г.Халилова 27-ноябрда шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз берген.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, берилген арыздардын негизинде аталган талапкерлердин каттоолору жокко чыгарылды.

Эскерте кетсек, БШК 27-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңешке шайлоого Бишкектеги №22 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жана №24 округдан талапкер Гүлназ Халилованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Алар добуш сатып алууга айыпталууда.

 

Последние новости