www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) депутат Элдар Сулаймановду мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратты. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, эл өкүлү ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшыруу тууралуу арыз жазган.
Элдар Сулайманов — мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу.

Ал 1985-жылдын 3-июлунда төрөлгөн. Жогорку Кеңештин VII чакырылышында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын курамында депутат болгон. VIII чакырылышка болсо Жалал-Абад облусундагы №5 Алай көп мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген.

Анын ысымы ушул жылдын январь айында ЖМКларда жана социалдык тармактарда мурдагы жубайы тарабынан айтылган үй-бүлөлүк зомбулук боюнча айыптоолордон улам талкууга түшкөн.

Асель Азаматова социалдык тармактар аркылуу экс-жолдошу тарабынан бир нече жолу зомбулук көрсөтүлгөнүн билдирген. Бишкек шаарынын ИИББси бул факты боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Ал эми Элдар Сулайманов коюлган айыптар бир тараптуу мүнөздө экенин жана укуктук баа берилиши керектигин билдирген.

Последние новости