www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Бүгүн, 17-февралда саат 12:10 чамасында Бишкек–Ош жолунун Чычкан капчыгайынын эки участогуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда Бишкек –Ош жолу бардык автоунаалар үчүн Сосновка жана Арал өткөрмө постторунан убактылуу жабылды.

Алдын ала маалымат боюнча, жол бетине түшкөн кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, ал эми бийиктиги 5 метрди түзөт.

Жолду тазалоо иштерин №23 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Учурда атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери активдүү уланууда.

Кошумча маалыматтар берилет.

 

Последние новости