www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК үч шайлоо округу боюнча 35 талапкерди каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 35 талапкерди каттады.

Анын ичинде №2 Баткен шайлоо округунан 10 талапкер, 14 талапкер №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан жана 11 талапкер №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан катталды. Ош шайлоо аймагынан койгон талапкерлердин ичинде бир аял бар.

Бул аймактар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү 28-мартта аяктаган. Талапкерлерди каттоо 8-апрелге чейин, андан кийин 27-апрелге чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.

28-апрелде өлкөдө жалпы үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Боршайком 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алган.

22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов (Кара-Суу округу) менен Нурлан Ражабалиевди (Баткен округу) өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости