www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШК бардык талапкерлерге шайлоо мыйзамдарын так сактоону эскертти. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо өнөктүгүнүн катышуучуларына кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузууларга жол берген айрым талапкерлерге карата тиешелүү чараларды көрө баштады.
"Шайлоочулардын добушун сатып алуу, мыйзамсыз үгүт ыкмаларын колдонуу жана шайлоонун башка катышуучуларынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол берилбейт.
Бардык талапкерлерге жана алардын тарапташтарына эскертем - үгүт иштери мыйзамдын так алкагында, шайлоочуларга жана атаандаштарга болгон сый-урмат менен жүргүзүлүшү зарыл. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, талапкердин каттоосун жокко чыгарууга чейинки катуу чаралар көрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде белгиленген эрежелерди бузгандарга карата - талапкерби, анын штабы болобу, же жалган жалаа тараткан адамдарбы - тиешелүү чараларды көрөт",- деди ал.