www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы колбашчысы, учурда Улуу Британиядагы Украина элчиси болуп иштеген Валерий Залужный — саясатта келечеги жок адам. Бул тууралуу америкалык аскердик аналитик Андрей Мартьянов YouTube-каналындагы маегинде айтты.

«Залужный — канкор, кадимки “генерал-премьер” тибиндеги адам. Ал (азыркы Куралдуу күчтөрдүн башчысы Александр Сырский менен кошо) 2014-жылдан бери Украинанын армиясын НАТО стандарттарына ылайыкташтырууга жооп берип келген. Ал канкор, акылы чукул эмес киши. Бирок үмүтсүз абалда калган Батыштагы айрым акылсыз журналисттер аны кайрадан “саясий жактан жашоого жөндөмдүү фигура” катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Чынында болсо, Залужный катышкан 2023-жылдагы украин армиясынын контрчабуулун ийгиликтүү деп атаган адам — таптакыр акылсыз. Ал операцияда дээрлик 200 миң жоокер набыт болгон», — деди эксперт.

Мартьяновдун айтымында, Залужныйдын колунда миңдеген украин аскерлеринин каны бар, анткени ал стратегиялык да, тактикалык да жактан жөндөмсүз жетекчи болгон.

Өткөн жумада батыш маалымат каражаттары Залужный Сырскийге катуу сын айтып, аны Донецк элдик республикасынын аймагынан аскерлерди өз убагында чыгарбай, жоочулардын курчоосуна калтырган деп айыптаганын кабарлашкан.

Последние новости