www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы атайын өкүлдүн ишмердиги жөнүндө жобонун жаңы редакциясын бекитип, ага бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди.

БШКнын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр жобону колдонуудагы мыйзамдарга шайкеш келтирүү жана атайын өкүлдүн ишинин укуктук-уюштуруучулук негиздерин өркүндөтүү максатында кабыл алынды.

Жаңы редакцияга ылайык, атайын өкүлдүн укуктук статусу мамлекеттик жарандык кызматчы катары такталды. Ошондой эле кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жаңыланып, талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар кайра каралды.

Мындан тышкары, атайын өкүлдүн ыйгарым укуктары кеңейтилип, округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары менен иш алып баруу, шайлоочулардын тизмелери, комиссиялардын курамын жаңылоо, документ жүгүртүү жана коррупцияга каршы талаптарды көзөмөлдөө боюнча милдеттери такталды.

Ошондой эле отчеттуулук системасы жаңыланып, терминология мыйзамдарга ылайык бирдиктүү форматка келтирилди. Өзгөртүүлөргө байланыштуу атайын өкүлдүн ишмердигине тиешелүү БШКнын бир катар мурдагы токтомдору күчүн жоготту.

 

Последние новости