www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирустан айыгып, дүйшөмбү күнү жумушка чыкты. Ал апрелдин башында ооруканага жеткирилип, үч күн интенсивдүү терапия палатасында жаткан.

27-апрелде эртең менен билдирүү тараткан премьер-министр өлкө оору кеңири жайылган учурду баштан кечиргенин, илдетке кабылгандар азая баштаганын белгиледи. Ошол эле учурда карантинди алууга эрте экенин айтты.

Борис Жонсон коронавируска байланыштуу жагдайды өлкө үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштан берки «эң опурталдуу чакырык» деп баалады.

Акыркы маалыматтар боюнча Британияда 152 миңден ашык киши коронавирус жуктурганы аныкталды. Алардын ичинен 21 миңге жакын бейтап каза болду.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости