www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Искендер Асыкуловдун төрагалыгы алдында GIZтин “Борбордук Азиядагы соода процедураларын жөнөкөйлөтүү” долбоорунун координациялык кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө долбоордун 2020-2023-жылдарга карата иш-аракеттеринин жыйынтыктары, ошондой эле 2024-жылга сооданы жеңилдетүү жаатындагы долбоордун иш-аракеттеринин негизги багыттары сунушталды.

Жыйынга Кыргызстандагы Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана GIZтин “Борбор Азияда сооданы жеңилдетүү” долбоорунун менеджерлери катышты.

Маалымат үчүн: “Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү” GIZ долбоору – бул Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда сооданы жеңилдетүү боюнча жардам көрсөтүүчү аймактык долбоор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости