www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болот Тасмаев көз жумду

Ырчы Болот Тасмаев көз жумду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тасмаев мурдатан бери кант диабети менен ооруп жүргөн. Учурда маркумдун сөөгү моргдо.

Эске сала кетсек, ырчы 1971-жылы 3-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында төрөлгөн. Ата-энеси чыгармачыл адамдар болгондуктан, Болот Тасмаев кичинекей кезинен сахнага чыккан. Ош шаарындагы Гагарин атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1991-1992-жылдары алып баруучулук менен алектенген. Акын Кыялбек Урманбетовдун "Аманат" ырын ырдап чыгып, эл оозуна алынган. Эң биринчи ыр жыйнагы "Сен билген жоксуң" аталышында 14 ырды камтып, 2014-жылы жарык көргөн.

NazarNewsтун жалпы жамааты: Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости