www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Со Ен менен жолугушту.

Анда тараптар Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүү боюнча KOICA тарабынан ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлорду талкуулашты.

Төраганын орун басары Болот Ибрагимов парламенттин ишин санариптештирүү жаатында көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысына ыраазычылык билдирип, санариптик технологияларды киргизүү заманбап чечимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга жана парламенттин институционалдык потенциалын бекемдөөгө жол ачарын белгиледи. Ошондой эле, KOICA тарабынан жасалып жаткан долбоорлор тууралуу кеп кылып, алардын мөөнөттөрүнө өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде Лим Со Ен агенттиктин Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, азыркы таптагы жумуштарга, анын ичинде Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүүгө багытталган долбоорлорго токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, биргелешкен аракеттер орток демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга жана эки тараптуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артарын кошумчалашты.

Последние новости