www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун аймактарга жумушчу сапары бүгүн, 17-мартта  Ош облусунда уланды. 

Алгач Салык кызматынын башчысы Ош шаарынын ишкерлери менен жолугушту.
Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Джиенбеков, аймактык салык органдарынын жетекчилери, ишкерлер, экономика тармактарынын өкүлдөрү, ошондой эле бухгалтерлер катышты.

Жыйын ачык суроо–жооп,, конструктивдүү диалог форматында, жылуу маанайда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө салыктык мыйзам бузууларды аныктоонун заманбап куралдары, анын ичинде салыктык башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган «Салык күзөт» аналитикалык системасы тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле салык төлөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр кеңири түшүндүрмө берилди. Бул өзгөртүүлөр салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, бизнестин ашыкча жүгүн азайтууга жана ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Салык кызматынын төрагасы мындай жолугушуулар бизнес менен ачык диалог түзүүгө, актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды чечүү боюнча конкреттүү сунуштарды алууга багытталганын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлер суроолорун берип, Салык кызматынын жетекчилигинен түздөн-түз жоопторду алышты.

Ал ошондой эле өз ара аракеттенүү, тыгыз байланыш жана колдоо болгон учурда гана бизнес менен салык органдары келип чыккан маселелерди биргелешип чече аларын баса белгиледи. 

Ушуга байланыштуу ал ишкерлерди көйгөйлөрүн активдүү көтөрүп чыгууга жана консультациялык жардам алуу үчүн Салык кызматынын органдарына активдүү кайрылууга чакырды. 

 Салык кызматынын кызматкерлерине салык төлөөчүлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү жана туруктуу негизде жардам берүүнү тапшырды.

“Салык мыйзамдарына маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн мурда бизнес-коомчулук менен ачык талкуу жүргүзүү зарыл. 
Бүгүнкү жолугушуу жемиштүү болду: анын жүрүшүндө негизги маселелер каралып, салык төлөөчүлөрдөн кайтарым байланыш алынды, ошондой эле биз салык салуунун бир катар аспектилерин түшүндүрүп бердик”, — деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Салык кызматынын башчысы мамлекет өз кызыкчылыктарын коргоп жатып, ишкерлердин да кызыкчылыктарын унутпоосу керектигин баса белгиледи. 
Эң башкысы тең салмактуулукту табуу, башкача айтканда, бизнес жүргүзүүгө ашыкча тоскоолдуктарды жаратпастан адилеттүү салык салууну камсыз кылуу экенин билдирди. 

«Салык өз ара пайдалуулукка багытталышы керек: бир жагынан — бюджетке түшүүлөрдү камсыз кылуу, экинчи жагынан — салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Мындай ыкма мамлекет менен бизнес ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү аркылуу гана ишке ашат», — деп түшүндүрдү Салык кызматынын башчысы.

Жолугушуунун жыйынтыгында Алмамбет Шыкмаматов бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн пикирлерин угуп, ишкерлер менен өз ара байланышты жакшыртууга жана салыктык башкарууну мындан ары өркүндөтүүгө багытталган бир катар артыкчылыктуу милдеттерди жана тапшырмаларды белгиледи.

 

Последние новости