www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайненем абдан акылдуу, токтоо, оозунан жаман сөз чыкпаган аялзаты боло турган. Анын капыстан ооруга кабылып, абалы акылынан ажыраганга чейин жеткени баарыбызды түйшүккө салды. Дарыгерден дарыгерге салдык. Башында шишик бар экен, ошонун таасиринде унутчаак болуп, эч кимди тааныбай, ар кайсыны сүйлөп жатат дешти. Жеңилдик болоор бекен деген үмүт менен элдик дарыгерлерге дагы көрсөттүк. Эч кандай жылыш болгон жок.

Молдо келип дем салса, бир аз күн тамак ичип калат дагы андан кийин оозунан жеген тамагын бүркүп, өлгөн адамдардын атын атап, "эшиктен кирип келе жатат, терезеден карап турат" дей баштады. Кичинекей балдар жанына барса, колундагы кармаган таягы менен чаап жиберет. Буга чейин ал балдарды чапмак тургай биз балдарыбызга катуураак сүйлөп койсок, нааразы болуп калчу. Балдарын "ата", "байке" деп, кыз-келиндерин апалап ыйласа, жанына киши тура албайт. Баарынан табышмактуусу кайненем ооруга кабылгандан эки-үч күн өтпөй биздин үйдө кара мышык пайда болду. Кимдин мышыгы, кайдан келгенин билген жокпуз. Тегекректеги кошуналардын баарынан сураштырып чыктык, эч кимдин мындай мышыгы жок болуп чыкты. Канчалык башка жакка алып барып салбайлы, кайра эле үйдө пайда болот. Кайнагам ал мышыктын көзүн таңып машина менен алыс жакка алып барып салды. Ошондой кылса адашып үйдү таппай калат дешти. Бирок кайнагам иштерин бүтүрүп үйгө келгиче эле мышык андан мурда жетип, ачык турган эшиктен эч кимге билинбей кайненем жаткан төркү бөлмөгө кирип төшөгүнүн аягына жатып алыптыр. Бул көрүнүшкө баарыбыз таң калдык.

Көзү да бир башкача мышык эле, аны кармамак тургай карагандан коркчубуз. Көргөндө эле итиркейибиз келип, баарыбыз ошол мышык үчүн урушчу болдук. Эркектерибиз үйгө киргизбегиле деп бизди урушат, көзгө көрсөтпөй жоготуп салсаңар боло деп биз аларга асылабыз. Бала деген бала тура, кой ай дегенибизге карабай бизден жашырынып аны кучактап, көтөрүп алып ойношот. Бул мышык мага кайненемдин оорусуна тиешеси бар сырдуу мышык сыяктуу туюлду.

Ошондуктанбы, ал үйдөн кетсе эле, апам оңолуп кете тургандай сезилип, эртерээк жоготууга аракет жасадым. Пакетке салып алып айылдын этек жагындагы бактын бирине жип менен байлап келдим. Өлтүрүп салганга дагы колуң барбайт экен, анын үстүнө мышыктын каргышы жаман болот дешет эмеспи. Ошондон корктум. Чөп чапкандар же талаада иштеп келе жаткандар ушул жолдон өтүп калса, мышыкка боору ооруп, чечип, үйүнө алып кетишээр деп ойлодум. Чындап эле ал күнү мышык үйгө кайтып келген жок. Кайненем дагы өзүнө келгенсип, тамак ичип, жуунтсак мурункудай ыйлап, чатак салбай, көшүлүп жакшы уктады. Анын оорусуна мышыктын таасири бардыгына дагы бир ирет ишендим. Баарыбыз мышык келип калбаса экен деп тиленип жаттык.

Эртең менен баарынан эрте туруп сыртка чыгып баратсам, мышык эшиктин астында, так менин маңдайымда коркунучтуу жапжашыл көзүн мага кадап тиктеп туруптур. Денем дүркүрөп, коркуп кеттим. Артка кетенчиктеп барып кайра "мыш" десем мага карап ырылдаганынан үйгө кире качтым. Эмне болсо ошол болсун деп андан кийин мышыкты жоготууга аракет жасабай калдым. Кишиге кол салгандан кайра тартпачудай түрү бар. Бара-бара мышыкка да көнүп, анын бар-жогуна маани бербей калдык.

Кайненем бир жыл төшөктө жатып, өзү да кыйналып, бизди да кыйнады. Энени бакканыбызды кыйналдык деп айтпайбыз, ошентсе да энебиздин кыйналганын көрүп жаныбыз ачып, сакайып кетсе экен деп тиленчүбүз. Бир күнү кайынсиңдим үйгө чуркап кирип эле кыйкырды:

-Кара мышык тууп салыптыр! Баарыбыз ушул эле жаңылыкты күтүп тургансып сыртты карай жабыла чуркадык. Төшөктө жаткан кайненеме да бул жаңылык жакканбы, турууга аракет кыла баштады.

-Апа, кайда барасыз? - дедим жыгылып кетпесин деп жанына чуркап жетип.

-Мышыктын балдарын көргөнү.

-Аны көрүп эмне кыласыз?

-Барып көрбөсөм мышык таарынып калбайбы. Ал мага кечээ эле балалуу болоорун айткан. Бечара, канча мыйлуу болду экен, көрөйүнчү, - дегенде дагы оюна келгенин сүйлөй баштаганын түшүнүп, азыр жетелеп чыкпасам чатак салып ыйлаарын билип турдум. Кайненем жаш баладай эле болуп калган болчу, ошондуктан анын ою менен болууга аракет жасаар элек. Акырын жетелеп сыртка алып чыктым. Жолдошум менин апамды жетелеп келатканымды көрүп:

-Апамды эмнеге алып келе жатасың?! - деп мага бир тийди.

-Мышыктын балдарын көрөм деп жатпайбы.

-Апа, кыйналып эмнеге сыртка чыктыңыз? - деди эле кайненем дени-карды соо адамдай аны бир карап алып:

-Мен эмне эл катары сыртка чыгууга да акылуу болбой калдым беле. Мышык силерди эмес, мени чакырган балдарын көргөнү, жабылып силер эмнеге жүрөсүңөр бул жерде, - дебеспи. Баары унчукпай калышты. Мышык тууганы кайра кайненемдин оорусу күчөй баштады. Жаңы туулган мыйларды көчөгө алып барып таштап салсак бирден тиштеп кайра ташып короого киргизип алыптыр. Айлабыз түгөнүп калды. Канчалык аракет кылып дарылантпайлы, кайненем оорусунан сакайып кете алган жок. Ооруга кабылганына бир жылга бир убакыт жетпей катуу кыйналып, уул-кыздары чогулуп ыраазычылык сурашып, молдону чакырып ыйман айттырып, таңга жуук жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди.

Кайненем үзүлөөрү менен "чурр" эткен ый жаңырып, уул-кыздары чурулдап калышты. Менин биринчи көзүмө урунганы ошол учурда кара мышыктын кайненем жаткан бөлмөдөн чыгып баратканы болду. Артынан бирөө куугандай шашылып босогодон жылт коюп кетип баратыптыр. Денем муздай түштү бекер шекшибепмин, бул мышык менен кайненемдин оорусунун ортосунда бир байланыш бар экенине ишенип калдым. Апабызды акыркы сапарга узатуунун түйшүгү менен алышып жүрүп мышык тууралуу деле унутуп коюппуз.

Сөөктү жерге берип, алыс-жакын туугандарды узаткандан кийин мышыкты эстеп, аны көзгө чалдыктыра албаганыман улам короо-сарайды тегиз карап, балдары менен жаткан орунунан издедим.

Мышыктын өзүнүн да, балдарынын да дайыны жок. Үйдөгүлөрдөн сурадым:

-Кара мышык жоголуп кетиптир го, же силер бир жакка алып барып салдыңарбы?

-Чын эле, мен дагы мышыкты көрө элекмин.

-Аны ким эстеп отуруптур, жүргөндүр бир жерде.

-Жаман көрчү элең го, эми аны эмнеге издеп жатасың? - деди жолдошум мага карап.

-Билбейм, апам каза болгондон кийин өзүнөн езү жоголуп кеткени табышмактуу болуп жатат. Өзү жоголдубу же бирөө жоготуп салдыбы деп ойлоп жатпайымбы. Кызык...

Чындыгында ал мышыкты апамдын кезү өтөөрү менен көргөндөр болбоптур. Ал мышык кайдан келгени, эмне үчүн кайненем дүйнөдөн кайтканда үйдөн биротоло жоголуп кеткени биз үчүн абдан таң калычтуу болуп кала берди... 

Булак: ШАМБАЛА

Последние новости