www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку замандарда элдин баары отунчуну чакырып, отун жардырчу экен. Үйүбүздө араланган отун көбөйүп, биз дагы отунчуну чакырдык. Карасам жашы улгайып калган, арык чырай бир 80 жаштагы абышка келди. Отунчу дегениң жаш,узун бойлуу, жоон билектүү болчу эле, бул эми кантип отун жараар экен деп койдум. Өзү араң басып жүргөн карыянын отун жара турган дарманы бар экендигинен шек санадым ачыгын айтканда.

Негизи эле отунчулар эки балтасын жонго илип, эки саат ичинде отун жарып, бир алтын алчу. Бирок абышка корообуздагы отундарды көрүп туруп:

-Бир саатта баарын жарып берем, бирок 2 алтын бересиң, -деди.

-Аксакал, мынча отун 2 саата араң жарылып бүтөт го, -деп таң калдым.

- Балам мен өмүрүмдү отун жаруу менен кечирдим, өз дараметимди билемин. Эгер жетишпей калсам, алтыныңды кайтарып беремин, -деп мени ынандырды.

Отун жара баштады, мен бир саатта кантип жарып бүтөт экен деп терезенин алдында карап отурам. Башкалар сымал эки эмес, бир эле балтасы бар экен. Алгач ар бир дөңгөчтүн уюлу, чырпык, отун менен кадимкидей сүйлөшө баштады. Ары басып, бери басып алгач отунду ар тарабынан карап чыгат. Андан соң гана балтасы менен шилтеп, отунду көп күч колдонбой жарып жатты. Андан да кызыгы, бир да отунду эки жолу урбай туруп, бир саат ичинде баарын жарып бүттү. Албетте муну өмүрүндө отун жарып көрбөгөн адам түшүнбөйт. Чоң дөңгөчтөрдү бир топ жолу урбай туруп жаруу өтө татаал жумуш. Эң кеминде эки жолу урасыз.

Эки алтынын колуна карматып:

-Аксакал, сиз жөнүндө ойлогон ойлорум үчүн кечириңиз, -дедим.

-Ии, анан бул араң баскан абышка мынча отунду кайдан жармак эле дедиң да?-деп жылмая жооп берди.

-Чындап эле, абдан таң калдым. Укмуш адис экенсиз, бир да отунга эки жолу урбастан, баарын жарып салдыңыз! Сыры эмнеде?

-Сага жөн эле 50 жылдык сырымды текинге ачмак белем? Дагы эки алтын бересиң! -дегенин угуп, чөнтөгүмдөн дагы эки алтын чыгарып бердим.

Акчамды алган соң мындай деди:

-Негизи эки алтынга бир эле сүйлөм сүйлөшүм керек эле, бирок байкашымча жоомарт жигит экенсиң. Сага бир нече сүйлөм сүйлөйүн эми. Бирок алгач суроом бар, эмне жумуш кыласың?

- Мечиттердин дубалына сүрөт, жазууларды түшүрөм.

-Демек арабча “алиф, “мим” тамгаларын, “бисмиллях” сөздөрүн жазат экенсиң да. Ушул мезгилге чейин түшүңдө “алиф” тамгасын көрдүңбү?

Бир аз ойлонуп:

-Жок, көргөн эмесмин,-деп жооп бердим.

-“Мим” да көрбөдүңбү? Түшүңдө “бисмиллях” деп жазган учуруң болбодубу такыр?

-Жок, андай болгон эмес.

-Анда сенден мыкты сүрөтчү чыкпайт, балам. Ал ишиңди ташта.

-Эмнеге?

-Уулум, мен 50 жылдан бери отун жарам. Ушул жашымда дагы таң атканга чейин түшүмдө отун жарып чыгам. Эгерде бир адам өз кыялдарын түшүндө көрө турганчалык сүйбөсө, ал адамдан бир адис чыкпайт, - деди дагы коштошуп чыгып кетти.
Мен болсо терезенин астында бир топко отуруп, ойлондум. Дал ошол күндөн тарта түшүмө “алиф” , “мим” кирип, “бисмилляхты” жаза баштадым.
Адам баласы жашоосунда көп нерсени кыялданат, пикир кылат. Бирок ойлогон кыялы менен жашап,аны чын жүрөгүнөн сүйүп, отурса-турса ал кыялды ишке ашырууга аракет кылбаса, кыялдарын түштөрүндө көрө албаса, ал жөн гана кыял болуп кала берет”.

Түркиянын белгилүү хаттаты( мечит жазууларын дубалга түшүргөн) Нуруллах Генчтин устаттарынын бири Мехмед Эфендинин эскерүүлөрү.

Интернет булактарынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости