www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ары кеткен Абылгазиев Ташкенден 100 миллион доллар насыя алды. Ташкен, арийне евразиялык биримдикте жок. 9-августта евразиялык биримдиктеги мамлекеттердин өкмөт аралык жыйыны болот. Бул жыйынга Москва, Нур-Султан, Минск, Еревандан өкмөт башчылары Чолпон-Атага келишет. Ошол жакта эс алууда жүргөн президент Жээнбеков алар менен көл жээктеп жолукмак.Бирок кырдаал башкача болду. Кой-Таштагы саясий кырдаалдардын курчушунун айынан Жээнбеков кечээ Бишкекке келди.
7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты. Андан жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапты.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»