www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин түштүк-чыгышында бир күн бою суу болбойт

Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндө 20-сентябрда саат 09:00дөн баштап 18:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул боюнча мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, суу "Контррезервуар" кампасында, түтүктөрдү оңдоо жана бузулуунун алдын алуу иштерине байланыштуу болбойт.

Суу убактылуу токтой турган райондор: Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы. Мындан тышкары, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач конуштары, Полиция шаарчасы суусуз калат.

Муниципалитет шаар тургундарына суу камдап алууну эскертип, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости