www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин айрым аймактарында 17-сентябрда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу берүү саат 09:00дөн 19:00гө чейин токтотулат. Чектөө турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге тиешелүү.

Суу өчүрүлө турган аймактар:
эски аэропорттун аймагы;
Ч. Айтматов проспектиси;
Токтоналиев көчөсү;
Т. Океев көчөсү.

Суунун убактылуу өчүрүлүшү «Аэропорт» суу топтомосунда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

«Бишкексууканал» жарандардан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

Ошондой эле пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди алуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесин колдонууга болот.

Последние новости