www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 30-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын планына ылайык, Ленин районунда жайгашкан стратегиялык объектте өрт-тактикалык машыгуу өттү.
Машыгуунун сценирийине ылайык, саат 14:00дө Абаканская көчөсү №123 дарегинде жайгашкан «Фьюел Стейшн Нефтебаза Петролюкс» ЖЧКсына таандык күйүүчү заттарды сактоочу резервуарынан өрт чыккандыгы тууралуу шарттуу маалымат түшкөн.
Кырсыктын деңгээлине байланыштуу өрттү өчүрүүгө №2 чакыруу тартиби жарыяланып, автоматтык түрдө борбор калаанын бир нече райондук бөлүмдөрү тартылды. Машыгууга жалпысынан ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынан 6 бөлүм, 2 автошаты, Штаб, Куткаруу кызматынын ыкчам тобу жана атайын өрт өчүрүүчү поезд тартылды.
Шартуу түрдө сыйымдуулугу 1000 кубдук резервуар күйүп, кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Куткаруу кызматынын фельдшери тарабынан жабыркагандарга жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы туруктуу деп бааланды.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында шарттуу өрт саат 14:20да толук өчүрүлдү.
Бул машыгуу өзгөчө кооптуу жана стратегиялык объекттерде өрт кырсыктарын алдын алуу, өздүк курамдын даярдыгын жана техникалардын абалын текшерүү максатында өткөрүлдү.
ӨКМ мындай иш-чаралар калктын коопсуздугун камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.