www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы жарлыкка ылайык, Бишкектин борборундагы мамлекеттик мекемелердин жана ооруканалардын имараттары алар жайгашкан жер тилкелери менен кошо инвесторлорго өткөрүлүшү мүмкүн. Максат — жаңы административдик комплекстерди жана медициналык шаарчаны куруу долбоорлорун тездетүү.

Жарлыкта тарыхый административдик имараттарды да түз сүйлөшүүлөр аркылуу инвесторлорго берүү каралган. Объектилердин рыноктук баасы көз карандысыз адистер тарабынан аныкталат. Ооруканалар жаңы медициналык шаарчага этап-этабы менен көчүрүлүп, мүлктү өткөрүүдөн түшкөн каражаттар атайын эсепке топтолот.

Последние новости