www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте эпидемиологиялык абал туруктуу, мектептерге карантин кирбейт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Билим берүү башкармалыгы окуучулар сезондук курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооруп жатышканын, калаада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин айтты.
Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө сасык тумоо күчөп жатканын айтып, ооруну алдын алууга чакырган. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 565 бейтап дарыланып жатканын, анын 510у балдар экенин маалымдаган болчу.