www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектептин курулушу тыкыр көзөмөлдөнүүдө.

Дем алыш күндөрү министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов жана “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан бир катар мектептердин курулушуна көзөмөл жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында курулуш аянтчалары жеринде каралып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү текшерилди. Ошондой эле куруучулар менен инженердик-техникалык маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, актуалдуу суроолор талкууланды.

Мындан сырткары, имараттардын сейсмикалык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча сунуш-пикирлер айтылып, тиешелүү кеңештер берилди.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Последние новости