www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Талас облусундагы Кыргыз улуттук “Манас-Ордо” комплексинин реконструкция иштери кызуу уланууда. Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан толук көзөмөлдөнүүдө.
Бүгүнкү күндө административдик имарат, соода жана эс алуу аймагын түзгөн галерея, түлөөкана, конгресс хол жана коттедждердин дубалдары тургузулду.
Долбоорго ылайык, комплексте административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук элементтер камтылган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чаралар үчүн борборлор курулууда. Мындан тышкары, коноктор үчүн соода жана эс алуу аймагын түзгөн галерея, 3500 орундуу маданий жана коомдук иш-чаралар борбору да каралган.
“Манас-Ордонун” жалпы аянты 225 гектар. Жаңы долбоорго ылайык, музей имаратынын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейип, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап жана улуттук стилде чагылдырылат.
Белгилей кетсек, комплекс акыркы 30 жылда биринчи жолу ири масштабдагы реконструкция иштеринен өтүп жатат.