www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жылуулук берүү 25-мартта токтотулат

Бүгүн, 2026-жылдын 23-мартында, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында  жылытуу мезгилин аяктоо маселеси боюнча  штаб жыйыны болуп өттү.

Жыйынга муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү, Кыргызгидромет, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти, «НЭСК» ААКнын Бишкек ПЭС филиалы, ошондой эле Бишкек шаарынын МСЭКБ өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жыйынтыгында 2026-жылдын 25-мартында жылытуу мезгилин аяктоо чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-апрелинен 10-майына чейин профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Белгиленгендей, күз-кыш мезгилинин жүрүшүндө бардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылышты.

Жылытуу мезгили аяктагандан кийин муниципалдык кызматтар кийинки жылытуу сезонуна даярдык иштерин башташат, анын ичинде оңдоо жана профилактикалык иштер жүргүзүлөт.

Последние новости