www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын тургуну өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин жана УКМКнын айрым жетекчилеринин атын жамынып, алдамчылык жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен 1 миллион 925 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Козголгон кылмыш ишинин жана тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын жашоочусу КР жараны С.У.Э. кармалды.
Аталган С.У.Э. өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин жана УКМКнын айрым жетекчилеринин атын пайдаланып, алдамчылык жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу жалпы суммасы 1 миллион 925 миң сомду түзгөн каражатты алганы аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп, анын мыйзамсыз иш-аракетинин башка мүмкүн болгон учурлары да иликтенүүдө.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай мыйзамсыз аракеттерди жасаган жана мамлекеттик кызматкерлердин атын жамынып жарандарды адаштырган адамдар белгиленген тартипте жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылаарын билдирет.