www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү кармалганын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Ч.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, М.Б. аттуу жаранга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, 2025-жылдын 20-апрелинде жаран М.Б. ишенимге кирүү жолу менен, автоунааны бөлүп төлөө шартында сатып алуу шылтоосу менен «BMW 540I» үлгүсүндөгү, баасы 40 миң АКШ долларын түзгөн автоунааны ээлеп алган. Баштапкы төлөм катары ал 5 миң АКШ долларын берген. Бирок андан кийин жаран М.Б. аталган автоунааны үчүнчү жактарга сатып жиберип, калган 35 миң АКШ долларын төлөбөстөн, байланышка чыкпай калган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган М.Б., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Последние новости