www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте заманбап спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор ишке ашырылууда.

2026-жылдын 14-августунда борбор калаанын 4-кичи районундагы 14/2 дарегинде жайгашкан жабык теннис комплексин реконструкциялоо жана жеңил конструкцияларды куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлду.

Келишимге Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен «Прайм Корт» ЖЧКсы кол койду. Компания тиешелүү сынактын жыйынтыгында долбоордун жеңүүчүсү деп табылган.

Долбоордун алкагында учурдагы жабык теннис комплексин жаңылоо жана кошумча жеңил конструкцияларды куруу каралган. Бул теннис менен жыл бою машыгууга жана спорттук иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, долбоордо падел-теннис үчүн атайын аянтча куруу да каралган. Бул шаар тургундарын ракетка спортторуна кеңири тартууга жана жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүүгө багытталган.

Долбоордун негизги максаты — чоң теннис үчүн шарттарды жакшыртуу, массалык жана профессионалдык спортту өнүктүрүү жана Бишкектин спорттук инфраструктурасын жаңылоо.

 

Последние новости