www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Бишкек шаарында туура эмес токтотулган унааларды аныктоо жана тартипке келтирүү максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. 

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын төрт административдик районунун өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Милициянын жол кайгуул кызматкерлери, Муниципалдык инспекция, ошондой эле “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын эвакуатор кызматтары катышты.

Рейддин жыйынтыгында жол кыймылынын эрежелерин бузуп, туура эмес токтотулган 30дан ашык унаа эвакуацияланып, айып короо жайына киргизилди.

Мындан тышкары, 10го жакын унаа ээлерине протокол түзүлдү. Жашыл аймакка унаасын токтоткон эки жаранга ар бирине 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары туруктуу негизде өткөрүлүп турат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, айрыкча унааларды аялдамаларда, жол жээгинде жана жашыл аймактарда токтотпоону эскертет.

Эскерте кетсек, унааны туура эмес токтоткондор үчүн 1000 сом айып пул каралган. Жеринде протокол түзүү 300 сомду түзөт, эвакуатор кызматтары – 1600 сом, ал эми жашыл аймакка токтоткондор үчүн 5500 сом айып пул каралган.

Последние новости