www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү максатында өлкөнүн энергетикалык компанияларынын алдына бир катар маанилүү милдеттерди койду. 

Бекитилген планга ылайык, 2026-жылдын апрель айынан тарта Бишкек шаарында масштабдуу даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын энергетикалык системасын өнүктүрүү, электр тармактарын модернизациялоо жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында бир катар иштер пландалган. Анын алкагында 38 кошумча трансформатор орнотулуп, эскирген 31 комплекттүү трансформатордук көмөк чордонунун шкафтары заманбап ГКТП шкафтарына алмаштырылат. Ошондой эле 278 темир-бетон мамысы орнотулуп, кабелдик жана аба электр берүү линияларынын айрым тилкелери реконструкцияланат. Мындан тышкары, энергетикалык объектилерде профилактикалык иштер жүргүзүлөт.

Адистердин айтымында, жаңы трансформаторлор орнотулгандан кийин электр тармактарындагы жүктөм азайып, чыңалуунун туруктуулугу жогорулайт. Бул өз кезегинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, жаңы абоненттерди кошууга жана күз-кыш мезгилиндеги ашыкча жүктөмдөрдү кыскартууга шарт түзөт.

Трансформаторлорду оңдоо жана жаңылоо иштери райондор боюнча төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
Чыгыш РЭТте — 113 трансформатор оңдолуп, 25 жаңы трансформатор орнотулат;
Батыш РЭТте — 100 трансформатор оңдолуп, 3 жаңы трансформатор орнотулат;
Түндүк РЭТте — 85 трансформатор оңдолуп, 10 жаңы трансформатор орнотулат.

Бүгүнкү күндө Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында 2248 трансформатор бар. Жыл соңуна чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, зарыл болгон оңдоо иштери аткарылары белгиленди.
Ошондой эле РЭТтердин балансындагы көмөк чордондордо учурдагы жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, эскирген жабдуулар жаңыланууда.

Пландалган курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштерин 2026-жылдын ноябрь айына чейин толук аяктоо каралган.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, аткарылып жаткан иштердин натыйжасында электр энергиясынын жоготууларын 80 пайызга чейин азайтуу жана электр менен камсыздоонун сапатын 90 пайызга чейин жакшыртуу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, даярдык иштери «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы болгон Бишкек электр тармактар ишканасынын адистери тарабынан этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

 

 

Последние новости